12

Январь

2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин 2025-жылы аткарган иши жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин (мындан ары – АУКК же Координациялык кеңеш) 2025-жылы аткарган иши жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген Координациялык кеңеш жөнүндө жобонун 24-пунктунун талаптарына ылайык даярдалды.

Координациялык кеңештин иши адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү жана адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууга багытталган.

Координациялык кеңештин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат: 

- Бириккен Улуттар Уюмунун келишимдик органдарына адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорунун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын (мындан ары - улуттук мезгилдүү баяндамалар) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү серептерин (мындан ары - УМС) даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;

- Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) Адам укуктары жана УМС чөйрөсүндөгү сунуштамаларын аткаруу боюнча мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү.

Көрсөтүлгөн милдеттерге ылайык, Координациялык кеңеш тарабынан 2025-жылы төмөнкү иш-чаралар аткарылган:

1. Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоо жана коргоонун алкагында:

- Универсалдуу мезгилдүү серептин алкагында Кыргыз Республикасынын төртүнчү улуттук доклады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 50-т тескемеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин алкагында өткөрүлүүчү УМСти кароого сунушталуучу Кыргыз Республикасынын төртүнчү Улуттук баяндамасы жактырылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдык мезгилдүү кароонун жумушчу тобунун 49-сессиясынын алкагында, (Швейцария Конфедерациясы) Женева шаарында Кыргыз Республикасынын төртүнчү Улуттук баяндамасын сунуштоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-апрелиндеги № 274-т тескемеси менен Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы бекитилген.

2025-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын делегациясы Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Б. Баетовдун жетекчилиги алдында Женева шаарында өткөн Жумушчу топтун 49-сессиясынын жүрүшүндө УМСти кароонун жол-жобосунун алкагында Кыргыз Республикасынын төртүнчү Улуттук баяндамасын ийгиликтүү сунуштады.

Баяндаманы сунуштоонун жыйынтыгы боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун катышуучу мамлекеттери тарабынан Кыргыз Республикасына 299 сунуш берилген.

Ушуга байланыштуу 2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңешинин катчылыгы (мындар ары - катчылык) тарабынан мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын жана БУУнун тутумунун өкүлдөрүнүн катышуусунда коомдук консультациялар уюштурулду. Алардын жыйынтыгы боюнча катчылык тарабынан Кыргыз Республикасынын 249 сунушту (83,3 %) колдоо жана 50 сунушту маалымдама катары кабыл алуу боюнча макулдашылган позициясы түзүлдү.

Аталган документ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылып, Координациялык кеңештин Төрагасы тарабынан 2025-жылдын 6-августундагы № 51145 чечими менен бекитилип, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине жөнөтүлдү.

- 2019–2022-жылдар аралыгындагы мезгилди камтыган расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Эл аралык конвенциянын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын бириктирилген он биринчи жана он экинчи мезгилдик Улуттук баяндамасы

Адам укуктарынын чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин камсыз кылуу максатында, расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Эл аралык конвенциянын 9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-майындагы № 217-т тескемеси менен 2019–2022-жылдар аралыгындагы расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын бириктирилген он биринчи жана он экинчи мезгилдик Улуттук баяндамасы (мындан ары – мезгилдик Улуттук баяндама) жактырылган.

Мезгилдик Улуттук баяндаманы сунуштоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 294-т тескемеси менен Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы бекитилген.

2025-жылдын 1–2-майында Женева шаарында Кыргыз Республикасынын бириктирилген он биринчи жана он экинчи мезгилдик баяндамалары каралды, ага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министринин орун басары М.Т. Тагаевдин жетекчилиги астында делегация катышып, курамына негизги мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Сессиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик этнополитика, өлкөдөгү улуттар аралык байланыштардын учурдагы абалы, улуттук мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөр, ошондой эле социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий тармактардагы негизги реформалар тууралуу толук маалыматты ийгиликтүү сунуштады.

2. БУУнун сунуштарын ишке ашыруу алкагында:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 989-т тескемеси менен 2025–2027-жылдарга Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – план) бекитилди.

Бул иш-аракеттер планы 57 пункттан турат жана анын аткарылышы үч жылдык мөөнөттө каралган.

Улуттук план төмөнкү тематикалык бөлүмдөрдү камтыйт, алар боюнча тиешелүү чаралар жана иш-чаралар ырааттуу аткарылат: эл аралык адам укуктарын коргоо механизмдери менен өз ара аракеттенүү; таза жана коопсуз чөйрөгө укукту камсыз кылуу; билим алууга жана ден-соолукка укук; майыптардын жана улгайган адамдардын укуктарын коргоо; балдар жана аялдардын укуктарын камсыз кылуу; мигранттардын укуктарын коргоо; теңдик жана дискриминацияга каршы укуктук механизмдерди ишке ашыруу; коррупцияга каршы чаралар ж.б.

Планды ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдар белгиленген мөөнөттөргө ылайык катчылыкка маалыматтарды жөнөтөт. Ал эми катчылык пландын аткарылышы тууралуу Координациялык кеңештин Төрагасын маалымдайт.

- Адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин чечими менен (№ 1 Протокол, 2025-жылдын 30-июну) Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пактынын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасын жактоонун жыйынтыктары боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын аткаруу боюнча 2025-2027-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары- план) бекитилген.

Бул план 64 пункттан турат жана ага сот системасынын, адвокатуранын жана улуттук адам укуктарын коргоо институттарынын көз карандысыздыгын бекемдөө, адам укуктарынын бузулушун, анын ичинде азаптоо, адам соодасы, коррупция, улут аралык жана үй-бүлөлүк зомбулукту иликтөө механизмдерин өнүктүрүү жана башка чаралар кирет.

Пландын аткарылышы мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт, анын жыйынтыктары Координациялык кеңештин жыйналыштарында каралып, жарыяланат.

3. Кыргыз Республикасынын Жалпы негизги документин жаңылоо

Жалпы негизги документ (мындан ары – ЖНД) ар бир мамлекеттин баяндамаларынын негизги түзүүчү бөлүгү болуп саналат. Жалпы негизги документ мамлекет, анын институттары, мыйзам чыгаруу чаралары, адам укуктарын коргоо механизмдери, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарды аткарууга багытталган саясий жана укуктук система жөнүндө негизги маалыматтарды камтыйт.

2025-жылга карата Координациялык кеңештин иш планынын 4-пунктун аткаруу алкагында, органдар тарабынан 2025-жылдын июль айында берилген маалыматтардын негизинде катчылык тарабынан Кыргыз Республикасынын жаңыланган Жалпы негизги документин жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 956-р тескемеси менен жаңыланган ЖНД бекитилип, дипломатиялык каналдар аркылуу БУУнун Башкы катчысына белгиленген тартипте жөнөтүлгөн.

4. 2025-жылга Координациялык кеңештин иш планынын аткарылышы боюнча

2025-жылга АУККнын иш планы 12 иш-чарадан турат:

1) Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү – 2025-жылы Координациялык кеңештин эки кезектеги жыйыны өткөрүлдү (Пландын 1-пункту аткарылган);

2) Кезексиз жыйын өткөрүү (зарыл болгон жок);

3) Кыргыз Республикасынын төртүнчү улуттук отчетун УМС боюнча коргоо (аткарылган);

4) Кыргыз Республикасынын Жалпы негизги документин (ЖНД) жаңылоо (аткарылган);

5) Кыргыз Республикасынын 2019-2022-жылдар аралыгындагы Эл аралык расалык дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенциясын аткаруунун он биринчи жана он экинчи мезгилдик бириктирилген Улуттук отчетун даярдоо жана жактоону уюштуруу (аткарылган);

6) Кыргыз Республикасынын 2019-жылдан тартып 2021-жылдар аралыгында БУУнун майыптардын укуктары боюнча Конвенциясын аткаруу боюнча Алгачкы отчетун даярдоо жана жактоону уюштуруу:

2019-2021-жылдар аралыгындагы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 122-т тескемеси менен БУУнун майыптардын укуктары боюнча Конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын баштапкы баяндамасы бекитилген.

Азыркы учурда баяндаманы берүүнүн датасы аныктала элек. Ушуга байланыштуу бул маселе 2026-жылдагы АУККнын иш планына жылдырылган.

7) 2025-2027-жылдар аралыгында Жарандык жана саясий укуктар боюнча Эл аралык пакттын сунуштарын аткаруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү (аткарылган);

8) Кыргыз Республикасына карата жеке даттанууларды инвентаризациялоо, инвентаризациянын жыйынтыктары боюнча АУККнын Төрагасына аналитикалык жазууну киргизүү:

Өткөрүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча, АУККнын катчылыгынын маалыматына ылайык, БУУнун Адам укуктары комитетинин сайты жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, 2004-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасына карата 105 жеке даттануу келип түшкөн.

Аналитикалык жазуу 2025-жылдын 13-июнунда № 12-1/4932 кат менен АУККнын Төрагасына киргизилген (аткарылган);

9) Акыйкатчы (Омбудсмен) институтун Париж принциптерине ылайык келтирүү:

2025-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койгон.

Мыйзам Акыйкатчынын кепилденген көз карандысыздыгын, шайлоо жана ыйгарым укуктарын токтотуудагы ачык процедураларды, парламенттик көзөмөл жана кыйноолордун алдын алуу боюнча кеңейген жана так аныкталган мандатты, ошондой эле каржылык жана институттук автономияны бекиткен. Мындан тышкары, кол тийбестик кепилдиктери, ачыктык жана отчеттуулук механизмдери, аппараттын өз алдынчалыгы жана өзүнчө бюджеттик каржылоо орнотулган.

Бул өзгөрүүлөр Акыйкатчынын Париж принциптеринин негизги талаптарына ылайык иштеши үчүн ченемдик негизди камсыз кылат (аткарылган).

10) Жакшы экологиялык чөйрөгө болгон укукту камсыз кылууну, анын ичинде тоо экосистемаларынын экологиялык маселелерин жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө мониторинг жүргүзүү:

2025-жылга Координациялык кеңештин иш планынын 10-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары –   ЖРЭТКМ) буйругу менен жумушчу топ түзүлгөн. Ага ЖРЭТКМнын, Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтунун, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы Орхус борборлорунун өкүлдөрү кирип, Кыргыз Республикасында жакшы экологиялык чөйрөгө болгон укукту камсыз кылууну мониторингдөө боюнча иш жүргүзүлгөн.

Жумушчу ишинин алкагында жыйналыштар өткөрүлүп, маалыматтарды топтоо жана анализдөө, ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талаптарды түзүү боюнча ыкмалар талкууланган.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча ЖРЭТКМ жана Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институту биргелешкен отчетту 2025-жылдын 30-июнунда АУККнын жыйынында сунушташкан (аткарылган).

11) 2025-2028-жылдарга балдар укугу жөнүндө Конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча БУУнун балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планын жана балдар укуктары жөнүндө Конвенциянын сунуштамаларын аткаруу жөнүндө маалымат:

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу жөнүндө конвенцияны ратификациялоого байланыштуу кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу жана 2023-жылдын 12-13-сентябрында Женева шаарында болуп өткөн 94-сессиянын жүрүшүндө Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын пикирлерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-февралындагы № 104-т тескемеси менен 2025-2028-жылдарга балдар укугу жөнүндө Конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча БУУнун балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планы бекитилген.

Бул Планды ишке ашыруу белгиленген мөөнөттөргө ылайык тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылууда.

Мындан тышкары, аталган тескемени аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги АУККнын жыйынтык жыйналышында Планды ишке ашыруунун жүрүшү боюнча бириктирилген маалыматтарды сунуштайт (аткарылып жатат).

12) БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин 2024–2025-жылдарга сунуштарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыктарын чыгаруу:

– АУККнын 2024-жылдын 4-июлундагы жыйынынын № 2 протоколуна ылайык бекитилген Иш-чаралар планы 11 бөлүмдү жана 66 иш-чараны камтыйт. БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин сунуштарын аткаруу боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруу оң динамиканы көрсөтүүдө: пункттардын 85 пайыздан ашыгы аткарылган;

Маалымат үчүн: Пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү 2025-жылдын сентябрына чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор тарабынан жүргүзүлүп келген, ал эми 2025-жылдын 22-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» Конституциялык мыйзам кабыл алынгандан кийин бул функциялар Акыйкатчы институтуна өткөрүлүп берилген.

– БУУнун Кыйноолорго каршы комитетинин суроолор тизмесине жоопторду даярдоо жана берүү (Кыргыз Республикасынын кыйноолорго каршы Конвенцияны аткаруу боюнча төртүнчү мезгилдик отчету):

Баяндамаларды берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосунун алкагында Кыргызстан жоопту белгиленген тартипте берет. 2021-жылдын декабрында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын сайтында жарыяланган алдын ала суроолор тизмесине берилген жооптор кыйноолорго каршы Конвенциянын 19-беренесине ылайык төртүнчү отчетту даярдоонун негизи болуп кызмат кылат.

Улуттук отчетту даярдоо боюнча ишти уюштуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, АУККнын Төрагасы Э.Ж. Байсаловдун 2025-жылдын 7-июлундагы № 43199 тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы катчылыктын дарегине отчеттун даярдалган долбоорун жөнөткөн.

Улуттук консультацияларды өткөрүү максатында 2025-жылдын 29-октябрында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Регионалдык бөлүмүнүн колдоосу менен мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын, адвокатуранын жана БУУ тутумунун түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда отчеттун долбоорун талкуулоо боюнча ачык жыйындар уюштурулган.

Түшкөн сунуштарды эске алуу жана долбоорду жеткире иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы катчылыктын дарегине төртүнчү мезгилдик отчетту берүү мөөнөтүн жылдыруу өтүнүчү менен кат жолдогон. Өз кезегинде, катчылык дипломатиялык каналдар аркылуу БУУнун Кыйноолорго каршы комитетине көрсөтүлгөн мөөнөттү 2026-жылдын 31-мартына чейин узартуу өтүнүчү менен тиешелүү кат жөнөткөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Координациялык кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте аталган отчетту жеткире иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүүдө, ал белгиленген тартипте БУУнун Кыйноолорго каршы комитетине жөнөтүлөт (аткаруу процессинде).

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин 2025-жылдын 30-июнундагы жыйынынын № 1 протоколунун аткарылышы:

№ 1- протокол 6 пункттан турган жана 6 тапшырма кабыл алынган.

– 1- жана 2-пункттар тапшырмаларды камтыбайт;

– 3-пункт – аткарылган;

– 4-пункт – аткарылган;

– 5-пункт – аткарылган;

– 6-пункт – аткарууда.

6. БУУнун комитеттеринен келип түшкөн жеке даттанууларды/ ой жүгүртүүлөрдү кароо:

2025-жылы Координациялык кеңештин катчылыгына 4 жеке арыз келип түшкөн, алар БУУнун Адам укуктары боюнча Комитети тарабынан катталган.

Келип түшкөн билдирүүлөрдү (жеке даттанууларды) маңызы боюнча кароо максатында Координациялык кеңештин Төрагасынын чечими менен мамлекеттин жоопторун даярдоо үчүн тиешелүү жумушчу топтор түзүлгөн.

Учурда жумушчу топтор тарабынан көрсөтүлгөн жеке даттануулар жана каршы пикирлер боюнча Кыргыз Республикасынын жооптору белгиленген тартипте даярдалып, бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жөнөтүлгөн.

Ой жүгүртүүлөрдү кароо:

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын дарегине БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинен жеке даттануулар боюнча эки ой жүгүртүүсү келип түшкөн:

Белгиленген тартипте аталган ой жүгүртүүлөр катчылык тарабынан мыйзамдарда каралган тартипте кароо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн. 

Кароо жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн ой жүгүртүүлөргө Кыргыз Республикасынын жооптору бекитилип, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жөнөтүлгөн.

7. БУУнун өкүлдөрүнүн жана миссияларынын Кыргыз Республикасына болгон жолугушуулар:

2025-жылы Адам укуктары боюнча Координациялык кеңештин ишинин алкагында БУУнун өкүлдөрүнүн жана эл аралык алдын алуу механизмдеринин катышуусу менен бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары/АУККнын Төрагасы Э.Ж. Байсалов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары/ АУККнын Төрагасынын биринчи орун басары К.К. Казаков Борбордук Азия боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Регионалдык бөлүмүнүн өкүлдөрү, Улуу Британиянын Улуттук превентивдик механизмин жетектөөчү Сэм Глюкштейн жана БУУнун Кыйноолорду алдын алуу боюнча комитетин алдындагы төрагасынын орун басары Элина Штейнерте менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БУУнун кыйноолорго каршы Конвенциясынын жана ага карата Факультативдик протоколдун жоболорун аткаруу маселелери, ошондой эле кыйноолорду алдын алуу жаатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну мындан ары чыңдоо маселелери талкууланган.

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу калктын жашоо сапатын жогорулатууга, жеке адамдын эркиндигин жана кол тийбестигин камсыз кылууга, ошондой эле жарандардын социалдык корголушун бекемдөөгө багытталган мамлекеттик өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда.

Адам укуктары жаатындагы негизги эл аралык келишимдердин катышуучусу катары Кыргыз Республикасы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун улуттук механизмдерин өркүндөтүүнү улантууда. Координациялык кеңештин ишинин алкагында бул чөйрөдөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу боюнча чаралар мындан ары да бекемделет.