17
Январь
2018
                                Жапаркул Ташиев Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
                                                Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Ташиев Жапаркул Актаевич мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды.
                    
                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү