08
Ноябрь
2018
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин күчтөндүрүүнү тапшырды
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун ишин көзөмөлдөдү.
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында транспорттук көзөмөлдү жана товарларды эсепке алууну камсыздоо боюнча чараларды күчтөндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 396 токтому аркылуу жогорудагы убактылуу пункттарды орнотуу тууралуу чечим кабыл алынган, алар учурда өлкөнүн төрт көзөмөл-өтөрүү пунтунда: «Чоң-Капка автожол», «Чалдыбар автожол», «Ак-Тилек автожол» жана «Ак-Жол автожол» пунктунда иш алып барууда.
Вице-премьер-министрге МСК, ЭККМК жана ЖККББ кызматкерлеринен куралган аймактык мобилдик топ тарабынан мыйзамсыз товар киргизүү фактыларынын жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден товарларды ташуу боюнча талаптардын бузулушунун алдын алуу боюнча күнү-түнү көзөмөлдөө-ыкчам жана рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы туралуу маалымат берилди.
Жеңиш Разаков товарларды эсепке алуунун айкындуулугун жогорулатуунун маанилүү экендигин баса белгиледи, буга байланыштуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүктөрдү фиксациялоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, аймактык мобилдик топко мыйзамсыз товарларды киргизүү менен алектенген жактарга карата катаал чараларды көрүү тапшырылды.
[su_carousel source="media: 125553,125554,125555" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү