10

Ноябрь

2018

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчыларын сыйлоо аземине катышты

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын  ыктыярчыларын  сыйлоо аземине катышты.

 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 10-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өткөн  Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана  өткөрүүгө салым кошкон ыктыярчыларды сыйлоо аземине катышты.

 Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардык катышуучуларга жана  ыктыярчыларга  ыраазычылык  билдирип,   айрыкча жаштардан турган ыктыярдуу топтордун салымы чон болгонун баса белгиледи.

 «Бул оюндарды даярдоого жана жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө силердин эмгегиңер зор. Силер чындыгында эле келген коноктордун, туристтердин компасы, жол көрсөткүчү болуп, кыргыз элин дүйнө жүзүнө меймандос, кичи пейил, ар дайым ачык өлкө катары тааныттыңар. Ыктыярчыларсыз бул долбоорду элестетүү кыйын, - деп билдирди  вице-премьер-министр.

Вице-преьер-министр баса белгилегендей,   түрдүү иш чараларды жана эл аралык маанидеги иш чараларды өткөрүүдө  жылдан жылга мамлекеттик органдар менен жарандык активисттердин жана ыктыярчылардын ортосундагы мамиле мамлекеттик  өнөктөштөш катары бекемделип жатат.

Иш чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын даярдоого жана жогорку уюшкандыкта өткөрүүгө салымдарын кошкон ыктыярчыларга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан ыраазычылык каттарды  тапшырды.

[su_carousel source="media: 125577,125578,125576,125575" link="attachment" title="no"]

                                                                                                                     Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү