13

Декабрь

2018

Премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бакытжан Сагинтаев эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы   өз-ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн келечеги талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды өз учурунда четтетүүгө байланыштуу келип чыккан маселелерди биргеликте натыйжалуу чечүү үчүн мындан ары карай эки тараптуу тыгыз аракеттешүүнү жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.

[su_carousel source="media: 126884" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү