27

Сентябрь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүүчү ишканаларды мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу керек

img

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүүчү ишканаларды мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасындагы азык-түлүктү кайра иштетүү өнөр жайы жана аны өнүктүрүү боюнча маселени кароо учурунда билдирди.

«Айыл чарба жана азык-түлүктү кайра иштетүү өнөр жайы биз үчүн маанилүү маселе. Бул экономикалык гана эмес, социалдык дагы маселе. Республиканын калкынын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашайт.  Демек, айыл чарбасынын өнүгүшү түздөн-түз элет жеринде жарандардын жашоо деңгээлине таасир берет. Калктын үчтөн бир бөлүгү эмгекке жарамдуу, бул 500 миңден ашык киши айыл чарба тармагында иш алып барат дегендик», – деди Өкмөт башчы.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы мелиорация министри Эркинбек Чодуев азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча программанын жүзөгө ашырылышы тууралуу маалымат берди.

«Азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, кыргыз айыл чарба продукциясын илгерилетүү жана сырткы рынокко экспорттоо биздин артыкчылыктуу жумуштардан. Ошондой эле аймактардагы ишкерлердин каржы булактарына жеткиликтүү болушуна колдоо көрсөтүү боюнча иштер аткарылууда», – деди министр.

Премьер-министр жылдан-жылга өлкөнүн ИДП көлөмүнөн айыл чарбасынын үлүшү азайып жатканы байкалууда деди.

«Бул бир жагынан мүмкүн жакшыдыр, анткени экономиканын башка тармактарынын өсүшүн күбөлөндүрөт. Эгерде биз аймактарды өнүктүрөбүз десек,  айыл чарба тармагын активдүү колдоп жана натыйжалуулугун көтөрүшүбүз керек экенин дагы бир жолу белгилегим келет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы учурда элеттеги товар өндүрүүчүлөрдү жана кайра иштетүү тармагындагыларды колдоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

«Бул тармактарды өнүктүрүү үчүн жылда чоң акча каражаттары бөлүнүүдө. Ошондой эле лизинг ппрограммасы боюнча тиешелүү техникалар сатып алынууда, айыл чарба продукциясын кайра иштеткен ишканалар салыктардан бошотулду, жер салыгын дээрлик төлөшпөйт. Бирок көрүлүп жаткан чараларга карабастан, айыл чарбасындагы уюмдардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жетектөө, жаңы технологиялык ыкмаларды киргизүү жана илимий-техникалык өсүшкө жетүү, продукциянын сапатын жогорулатуу  боюнча алдыда чоң иштер турат», – деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандарга берилген акча каражаттары түздөн-түз максаттуу багытына жумшалышы керектигин белгиледи.

«Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү фермерлер жана кайра иштетүү тармагындагылар менен активдүү иш алып баруусу керек. Аларга бардык тиешелүү кеңештер берилиши жана насыялык ресурстарга жеткиликтүү болушуна колдоо көрсөтүү керек», – деп белгиледи Премьер-министр.