26
Февраль
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын суу энергетикалык зор потенциалын жана аймактын өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү боюнча пландарды эске алуу менен гидроэнергетикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташуу келечектери талкууланды.
Белгилегендей, тышкы гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу тышкы инвестицияларды тартууну жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадына байланыштуу кырдаалды өз ара пайдалуу жөнгө салууну камтып, өнүгүүнүн оңтойлуу динамикасына жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда стратегиялык кызматташууну бекемдөөгө дал келет.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүү жана тармактын экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн гидроэнергетика чөйрөсүндө натыйжалуу кызматташууга кызыкдар.
[su_carousel source="media: 129733,129734" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү