20
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 20-21-мартта, жумуш сапарынын алкагында Ош облусунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.
Өкмөт башчы ошондой эле мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн аймактарынын башчыларынын катышуусунда бул маселени жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алууну талкуулоо боюнча селектордук жыйын өткөрөт.
Мындан тышкары Премьер-министр 2019-жылы Ош шаары түрк дүйнөсүнүн борбору деп жарыяланышынын алкагында иш-чараларга даярдыктардын жүрүшү менен таанышат, ошондой эле «Ноорузду» белгилөөгө арналган майрамдык иш-чараларга катышмакчы.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү