17
Декабрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз-ара аракеттешүү боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз-ара аракеттешүү боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.
Өкмөт башчы координациялык кеңеш консультативдик орган болуп саналаарын жана анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүүчөлөрү жана Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр уюмдарынын жетекчилери кирерин эскертти.
«Бүгүн биз актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыкты мындан ары карай алга жылдыруу боюнча пикир алмашабыз. Өз-ара кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кеңештин ишин активдештирүү зарыл. Менин пикиримде, долбоорду иштеп чыгуудан аны ишке ашырууга чейинки процессте тыгыз иш алынып барылган учурда гана биргелешкен иштин натыйжалуулугун арттыра алабыз», - деп эсептейт Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мындан тышкары, Премьер-министр белгилегендей, биргелешкен кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулатуунун дагы бир маанилүү аспектиси катары министрлик жана ведомство өкүлдөрүнүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кеңешинин түзүмүндө иш алып барган жумушчу топтун ишиндеги активдүү катышуусу саналат.
«Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун ачыктыгын жогорулатуу жана алар боюнча, алардын финансылык агымы боюнча пландаштыруу жана отчеттуулуктун иштиктүү механизмин камсмыздоо үчүн Мамлекеттик инвестициялар программасы долбоорлорун эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму болушу зарыл деп эсептейм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев жана тийиштүү органдарга 2019-жылдын январь айынын соңуна дейре аталган маселе боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргызстандагы энергетика тармагынын, суу ресурстарынын абалына тийиштүү бетачар, ошондой эле Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу жөнүндө жобонун долбоорунун бетачары тартууланды, мындан тышкары өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан Бишкек шаарындагы абанын бузулушу тууралуу көйгөйлөр айтылды.
Энергетикалык тутумга мурдагыдай эле анын өнүгүүсүн камсыздоого, өсүп жаткан суроо-талапты жабууга, экспорттук мүмкүндүктөрдү кеңейтүүгө жана сезондогу муктаждыкты жөнгө салууга инвестициялар зарыл экендиги белгиленди.
Мындан тышкары, эксперттердин пикиринде, Кыргызстандагы улуттук суу ресурстарын башаруунун комплекстик тутумуна карабастан, сууну башкаруу баштагыдай эле бирдиктүү мүнөзгө ээ эмес. Сууну пайдалануу жана коргоо жаатындагы агенттиктердин арасындагы координациялык механизмдин жоктугу белгиленди.
Буга катар кеңешме катышуучулары Бишкек шаарындагы экологиялык абалга тийиштүү маселени көтөрүштү.
«Абанын бузулушу калктын ден-соолугу үчүн олуттуу коркунуч түзүүдө, быйылкы жылы бул маселе Кыргызстан үчүн да курч тургандыгын белгилеп жатабыз. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн пикиринде, абанын негизги булгоочусу катары коомдук транспорт саналат. Алар абалды жакшыртуу үчүн тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча демилгени колдоого даяр», - деди кеңешменин катышуучусу.
Өз кезегинде өкмөт башчы белгилегендей, абанын булгануусу маселеси курч турат жана токтоосуз көңүл бурууну талап кылат. Анын айтымында, Өкмөт учурда бул багытта күчтөндүрүлгөн иш алып барууда жана конкреттүү чаралардын жыйындысын ишке ашырууда.
Жыйынтыгында Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, бул сыяктуу жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде өтүп турушу керек, мунун өзү стратегиялык пландарды жана өнүгүү багыттарын салыштырып, макулдашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Буга байланыштуу Кеңештин келерки жыйынын 2019-жылдын биринчи кварталынын соңунда өткөрүү сунушталды. Ага дейре Өкмөт өкүлдөрү тартылган жумушчу топтордун ишинин белгилүү жыйынтыктары чыгарылып калышы ыктымал.
[su_carousel source="media: 127055,127056,127057,127058,127059,127060,127061,127062" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү