25
Январь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Атамекендик тамак-аш азыктары өлкөгө чет элдик туристтерди тартууда бренд катары таанылышы керек
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө маселе талкууланды.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады.
Тийиштүү министрлик жетекчиси 2019-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоорун кароого сунуштады.
«Аталган документ кезектеги айыл чарба жылындагы ыкчам маселелерди чечүү жана мезгилдик айыл чарба талаа жумуштарына багытталган актуалдуу иш-чараларды аныктоо жана агрардык сектордун артыкчылыктарын жүзөгө ашыруу иретинде иштелип чыккан. Аталган долбоордун структурасынын негизин өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен, дыйканчылык тармагынын учурдагы абалын талдоонун негизинде аныкталган максаттуу иш-чараларды өз ичине камтыган төрт компонент түзөт. Максаттуу иш-аракеттер аны ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планында чагылдырылган» - деп билдирди ал.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин айтымында, алдыдагы жазгы-талаа иштерине даярдык көрүүдө, биринчи кезкте, дыйкандарды күйүүчү-майлоочу майлардын, үрөндүн, минералдык жер семирткичтердин тийиштүү көлөмү жана техника менен камсыздоого көңүл бурулат.
Өз кезегинде Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө айылдык товар өндүрүүчүлөр өз көйгөйлөрү менен көбүнэсе жеке алышууда.
Ошол эле учурда профилдик министрликтин милдети өсүмдүктөрдүн кайсы түрүнө басым жасоо керек, дыйкандар сапаттуу үрөн, жер семирткичтер менен кандайча камсыздалат, өндүрүлгөн продукция кайда сатылат деген маселелерге так жооп берүү менен багыт көрсөтүүдө турат.
«Бүгүнкү күндө бул маселелер актуалдуу бойдон калууда. Биз бул багыттагы алынып барып жаткан саясатты кайрадан карап, өзгөртүүбүз керек. Айталы, үстүбүздөгү жылы бюджеттен үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө 107 млн сом бөлүнгөн. Министрлик бизге кандай үрөндөр керек жана үрөн чарбаларына карата кандай талаптар коюлат деген критерийлерди так иштеп чыгышы керек эле. Ушундай эле абал мал чарбасында да орун алган. Министрликтин атамекендик мал чарбасын өнүктүрүү боюнча болжолдору жана талдоолору барбы? Жалпыбызга белгилүү болгондой, биздин айыл чарбаны өнүктүрүү жаатында өз көз карашыбыз бар. Биз кластердик мамилени жетекчиликке алуу менен «жашыл» айыл чарба ыкмаларын киргизүүгө багыт алып, органикалык продукцияны өндүрүүгө киришүүдөбүз», - деди Өкмөт башчы.
Премьер-министр белгилегендей, айыл чарба тармагы экономика үчүн дагы бир маанилүү туризм тармагын өнүктүрүүгө түрткү болуусу керек.
«Атамекендик тамак-аш азыктары өлкөгө чет элдик туристтерди кеңири тартууда өз алдынча бренд катары таанылышы керек. Бул үчүн бизде бардык ресурстар жана мүмкүндүктөр бар, аларды натыйжалуу пайдалануубуз гана керек – деп кошумчалады ал. – Биздин аймактык экспорттук рынокторго чыгуу боюнча умтулуубуз жогорку сапаттагы стандартка жооп берген, жетиштүү көлөмдөгү атаандаштыкка ээ болгон азыктардын түрү сыяктуу негиздүү базага таянышы керек. Айыл чарба өндүрүшүнүн сапатын жана дүң өндүрүштү жогорулатуу үчүн негизги тоскоолдуктардын бири катары саналган майда товардуулук жана чакан чарбалардын шартында, аймактардын өндүрүштүк дараметин бекемдөө үчүн кластердик мамиленин негизиндеги дүйнөлүк тажрыйбага кайрылуу жөндүү. Биздин милдетибиз мына ушунда турат».
Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө маалыматы эске алынды.
Буга катар тийиштүү министрликке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдыдагы жазгы-талаа жумуштарын өз мөөнөтүндө жүргүзүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.
[su_carousel source="media: 128602,128603,128605,128606,128607" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү