08

Январь

2019

Премьер-министр Бизнес-омбудсмен институтун түзүү жөнүндө токтомго кол койду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Бизнес-омбудсмен институтун – ишкер субъектилеринин укугун, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомуна кол койду.

Бизнес-омбудсмендин ишмердүүлүгү ишкерлердин укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого алуунун кепилдигин камсыздоого жана алардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, мамлекеттик ишканалар жана кызматтык жактар тарабынан сакталышына багытталган.

Бизнес-омбудсмен ага жүктөлгөн милдеттерге жана укуктарга ылайык, ишкерлик  субъекттеринин укуктарынын жана/же мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушунун алдын-алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин ачык алып барууга көмөктөшөт.

Бизнес-омбудсмендин өз катчылыгы болот, ал ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карайт. Бизнес-омбудсмен жана анын катчылыгы мамлекеттик орган болуп саналбайт жана аларга отчеттуу эмес.

Бизнес-омбудсмен кызмат ордун каалаган жаран (анын ичинде чет элдик жаран) ээлей алат. Бизнес-омбудсмен кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.

Бизнес-омбудсменди ишмердигин каржылоо өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн эсебинен ишке ашырылат.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү