24
Апрель
2018
                                КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады
                                                Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
Куттуктоодо Ли Кэцян Кытай жана Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр жана жакын коңшулар экендигин баса белгиледи.
«Кытай Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиз. Сизге жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.
                    
                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү