02

Февраль

2019

ФОТОРЕПОРТАЖ – Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышты.

ЕӨАК жыйынынын жүрүшүндө тар жана кеңири курамда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Биримдиктин санариптик күн тартибинин долбоорлорун ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода жүргүзүүсү, аларды экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча чаралары талкууланды.

Жыйынтыгында өкмөт башчылар тарабынан ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүн келечектүү интеграциялоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ошондой эле ЕӨАК кезектеги жыйынынын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышты, анын жүрүшүндө технопарктар ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү