14
Декабрь
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов VI Кытай – Борбордук Азия кызматташтык форумуна катышты
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Янчжоу шаарында «Жибек Жолу боюндагы цивилизациялардын биригүүсү жана өз-ара пайдалуу негиздеги кызматташтыкитын тереңдеши» темасында өтүп жаткан VI Кытай – Борбордук Азия кызматташтык форумуна катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Кубатбек Боронов КЭР Төрагасы Си Цзиньпин демилгечи катары саналган « Жибек Жолу экономикалык алкагы» долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бул форум өнүгүү, коопсуздук жана жаратмандык сыяктуу жалпы максаттарга жетишүүдө күч-аракеттерди бириктирүү жана пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат. Биздин республика Кытай менен бардык өз-ара пайдалуу багыттарда кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүүгө кызыкдар», - деп билдирди биринчи вице-премьер-министр.
Форумдун ачылыш салтанатына Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Туркмөнстан жана Өзбекстан Республикасы) өкүлдөрү катышты.
[su_carousel source="media: 126953,126954" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү