01
Март
2018
                                Алмазбек Абдыкаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары кызматынан бошотулду
                                                Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Абдыкаров Алмазбек Акбаралиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
                    
                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү