20
Февраль
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробат менен жолугушту
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2026-жылдын 15-январы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Фолькер Фробат менен жолугушуу өткөрдү.
Сый урмат көрсөтүү иретиндеги визиттин жүрүшүндө Эдил Байсалов элчини дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ал Кыргыз Республикасы ЕККУну коопсуздук жана кызматташтык маселелери боюнча тең укуктуу жана өз ара сыйлашуу диалогу үчүн маанилүү аянтча катары караарын белгилеп, өлкөнүн демократиялык принциптерге, мыйзам үстөмдүгүнө жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоого берилгендигин ырастады.
Тараптар өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, ошондой эле сот жана укук коргоо системаларын реформалоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Академиясын андан ары өнүктүрүү, анын ичинде анын институционалдык түзүлүшү жана салыктык аспектилерин жөнгө салуу маселелери каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өз ара даярдык ырасталды.