19
Февраль
2026
Эдил Байсалов маданият саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйынына катышты.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин коллегия мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана аймактык башкармалыктардын жетекчилиги катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө маданият чөйрөсүнүн улуттук иденттүүлүктү бекемдөөдөгү жана коомду бириктирүүдөгү негизги маанисин баса белгиледи.
«Маданият – улуттук иденттүүлүктүн негизги элементи. Биздин милдет – анын өнүгүшүнө ырааттуу көмөктөшүү, чыгармачылык демилгелерди колдоо жана жарандардын маданий баалуулуктарга бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу», – деп белгиледи ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын айтымында, аймактык маданий программаларды мындан ары да колдоо, искусствонун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү, ошондой эле жаштардын потенциалын ачуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.
«Жаштар – улуттун келечеги. Мамлекеттик органдар мындан ары да жаңы муундун кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылууга жана алардын ар тараптуу өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүүгө тийиш», – деп баса белгиледи Эдил Байсалов.
Ал ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынын тургундары үчүн маданий кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуунун жана Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын эл аралык аренада активдүү илгерилетүүнүн зарылдыгына көңүл бурду.
Министрликке китеп чыгарууну өнүктүрүү, коомчулук жана коворкинг борборлорун түзүү менен китепкана тармагын модернизациялоо, заманбап маданият үйлөрүн куруу, ошондой эле жаш аткаруучулар үчүн жаңы эл аралык стипендиялык программаны демилгелөө боюнча ишти активдештирүү тапшырылды.
Соңунда Эдил Байсалов белгиленген пландардын ийгиликтүү ишке ашаарына ишеним билдирип, коюлган милдеттерди сөзсүз аткарууга күч-аракетти жумшоого чакырды.