19

Февраль

2026

Кыргыз Республикасынан ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (бажы транзитинин бажы жол-жобосу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамдан тышкары) минералдык жер семирткичтерди алып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тыюу экспорттолууга тийиш болгон, мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана сапатына карата белгиленген талаптарга ылайык келбеген минералдык жер семирткичтерге карата колдонулбайт.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз алып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды.