19

Февраль

2026

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнүн натыйжалуу жана ырааттуу иштешинин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.