17

Февраль

2026

Адылбек Касымалиев: 2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдө акча каражаттар бөлүндү

“2025-жылы Ош шаарына республикалык бюджеттен мурда болуп көрбөгөндөй көлөмдө акча каражаттар бөлүндү. Муну өзгөчө белгилеп  кетем. Биз Токмок шаарына 1 млрд, Кара-Балта шаарына 1 млрд ж.б. бир топ каражаттарды шаарларга берип жатабыз. Мунун ичинде Кыргызстан боюнча эң көп каражатты 2025-жылы Ош шаарына 6,6 млрд сом бердик” – деди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. 

МинКаб башчысынын айтымында 2025-жылы Ош шаарында 9 мектеп, 9 бала бакча жаңырды, 7 спорт, 2 маданий объект жана башка обьектилер салынды. Кыргыз Республикасынын Президентинин түз буйругу менен 2 млрд 200 млн сом Турукташтыруу фондунан бөлүп берилип, анын  2 млрд сомуна 8 негизги көчөлөр жасалды. 200 млн сомго  тротуарлар жасалып, жашылдандыруу иштерин жүргүзүлгөн. 

Мындан тышкары да атайын техникаларды сатып алууга, максаттуу трансферт түрүндө республикалык бюджеттен миллиондогон каражаттар бөлүнгөнүн эске салган МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев мындан ары да колдоо уланаарын белгилеп, жергиликтүү жетекчилер берилген каражатты өз убагында иштетип, эл менен сүйлөшүп чеччү жерлерди иреттүү, салмактуу, башка шаарлардай элдик-дипломатиялык жолдор менен бүтүрүү керектигине токтолду. 

Аны менен катар МинКаб башчысы Чет элдик түз инвестицияларды тартууда Ош шаарынын көрсөткүчү 2025-жылы эң төмөн болгонун белгилеп, 2025-жылдын январь–сентябрга карата Ош шаарына чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 млн долл түзүп, 2024-жылга жылга караганда 44,1%га төмөндөгөнүн, бул абал Ош шаарында инвестициялык климаттын начардыгын, инвестиция тартуу боюнча олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөтөөрүн айтты. 

“Айрыкча бизнес менен иштешүүдө өтө аяр мамиле керек. Бизнес субъектилерине карата ашыкча текшерүүлөр, негизсиз дооматтар, кирешесине кол салуу, моралдык басым, коркутуу-үркүтүү, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу сыяктуу жана башка иштерге жол берилбейт”-деди Адылбек Касымалиев. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев төмөнкү тапшырмаларды берди:

-    Шаар аймагынын аянты кеңейгендигин эске алуу менен Ош шаарынын Башкы планды тез арада иштеп чыгып, бекитүү;

-    Жергиликтүү бюджеттин киреше базасын кеңейтүү боюнча сунуштарды берүү;

-    Инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда сапатка жана мөөнөттөргө өзгөчө көңүл буруу;

-    Ош шаарына туризм жаатында инвестициялык долбоорлорду киргизүүгө басым жасоо жана башка тапшырмалар;

Муну менен катар МинКаб башчысы 2025-жылы Ош шаары үчүн шаарды өзгөрткөн бир топ долбоорлор ийгиликтүү ишке ашканын, башкысы, бекем ынтымак менен мамлекетте иштер тынымсыз  жүрүшү керек экенин белгилеп,  сөзүн жыйынтыктады.