17

Февраль

2026

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү

Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2026-жылдын 17-февралы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө тарыхый эс тутум чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат ырааттуу жана так мүнөздө болушу керектигин, илимий ыкмага таянып, инсандын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон салымын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

Ал ысымдарды ыйгаруу жана эстеликтерди орнотуу өзгөчө жоопкерчиликти жана коомдук макулдукту талап кыларын баса белгиледи. Кароого Билим берүү министрлигинен, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, Бишкек шаарынын мэриясынан жана Маданият министрлигинен 44 сунуш киргизилген.

Сунуштар өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин ысымдарын билим берүү мекемелерине ыйгарууга жана эстеликтерди орнотууга тиешелүү болду.

Жыйындын жыйынтыгында комиссия өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин ысымдарын билим берүү мекемелерине ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алды, алардын арасында: Чыңгыз Айтматов, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Дайыр Асанов, Сооронбай Жусуев, Султан Ибраимов, Апсамат Масалиев, Курманжан Датка, Алымбек Датка жана башка көрүнүктүү ишмерлер бар.