17
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясына катышып, анда 2025-жылдагы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, жакынкы келечекке негизги милдеттер аныкталды.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик жана облустук программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктары, айыл чарбасынын жана ирригациялык инфраструктуранын абалы, инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, иш менен камсыз кылуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана агроөнөр жайын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.
Суу ресурстарына, энергетикалык камсыздоого, кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Бакыт Төрөбаев облустун бир катар багыттар боюнча жетишкендиктерин белгилеп, конкреттүү натыйжаларга өтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Өз сөзүндө ал төмөнкү артыкчылыктарга көңүл бурду: облустун экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, фермердик чарбаларды колдоо, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, ошондой эле аймактык долбоорлорду башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Бакыт Төрөбаев облустук администрацияга жана тиешелүү министрликтерге ар бир артыкчылыктуу багыт боюнча белгиленген мөөнөттөргө деталдуу жол карталарын даярдоону жана сунуштоону тапшырды.
Коллегия аяктагандан кийин төраганын орун басары Жалал-Абад облусунун туруктуу өнүгүүсү жана калктын кирешесин жогорулатуу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн борбордук жана аймактык бийлик органдарынын ырааттуу ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.