17
Февраль
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушу Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын күнөсканасы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушу жана Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын жаңы күнөсканасы менен таанышты.
Алгач МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушун көрүп чыкты. Жол 4 тилкелүү болуп курулат, бул унаа тыгынын азайтып, жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Учурда бул жолго республикалык бюджеттен 2,5 млрд сом каралган.
Андан ары МинКаб Төрагасы Ош шаарындагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасынын курулуп жаткан жаңы күнөсканасын көрүп чыкты. Бул күнөскана Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине пайдалануу үчүн ар түрдүү гүлдөрдү, декоративдүү өсүмдүктөрдү жана жашыл көчөттөрдү өстүрөт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул курулуштарды өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.