16
Февраль
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Акыл Токтобаевди тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Акыл Токтобаевди тааныштырды.
Адылбек Касымалиев Акыл Токтобаевдин дайындалышы өлкө жетекчилигинин жогорку ишениминен кабар берерин белгиледи. Ал жаңы жетекчи кесиптик тажрыйбасынын, билиминин жана башкаруучулук сапаттарынын аркасында ведомствонун алдында турган масштабдуу милдеттерди ийгиликтүү аткарып, артыкчылыктуу маселелерди чечүүгө системалуу мамиле жасай аларына ишеним билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу үчүн киргизилди.