16
Февраль
2026
Айвар Монолдоров “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду
Монолдоров Айвар Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргыз мунай компаниясы” мамлекеттик ишканасынын директору кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.