16

Февраль

2026

Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички рыноктун иштешин камсыз кылуу, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында иштелип чыккан. Бул токтом менен 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоюттун салык салынуучу жеткирүүлөрүнө кошумча нарк салыгынын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленди,

ТЭИ ТН 2309 90 1000, 2309 90 3100, 2309 90 9609 товардык позициялары боюнча классификацияланат, тоют өндүрүүчү тарабынан айыл чарба балыгын өстүрүү боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу айыл чарба өндүрүүчүсүнүн дарегине жүргүзүлөт.