16

Февраль

2026

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Германия Федеративдүү Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында 62-Мюнхен коопсуздук конференциясына катышты.

Иш-чаранын алкагында Данияр Амангельдиев төмөнкү адамдар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү:

- Италиянын Министрлер Кеңешинин Төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Антонио Таяни;
- Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман;
- Сербиянын Европа интеграциясы боюнча министри Неманья Старович;
- АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли;
- Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О`Салливан; - Европа Борбордук банкынын президенти Кристин Лагард;
- Европа Биримдигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела;
- ЕККУнун мурдагы Башкы катчысы Хельга Шмид.

Жолугушуулардын жүрүшүндө санкциялар жаатындагы кызматташтык маселелери, ошондой эле Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин жылдыруу маселелери талкууланды.