13

Февраль

2026

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасына келди

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.


Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода сапарынын алкагында Бишкек шаарында өтө турган кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.