12

Февраль

2026

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасына келет

2026-жылдын жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапары менен келет. 

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Бишкек шаарындагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.