10
Февраль
Министрлер Кабинетинин «Айрым ишмердүүлүк түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Айрым ишмердүүлүк түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Фондулук рынокту жана биржалык ишти андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Токтомдун милдети Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүнү тездетүү максатында мамлекеттик үлүшү бар чарба жүргүзүүчү коомдор үчүн ашыкча административдик тоскоолдуктарды алып салуу болуп саналат.