10
Февраль
2026
Эдил Байсалов 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Агартуу министрлигинин коллегиясына катышты
Бүгүн, 2026-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга жана алдыдагы мезгилге карата милдеттерди аныктоого арналган коллегиясына катышты. Жыйынга коллегия мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Агартуу министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку билим берүү министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Билим берүү министрлигинин жетекчилиги, жогорку окуу жайларынын ректорлору, ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө билим берүү системасынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы каралды. Калктын билим берүү системасына болгон ишениминин өсүшү, анын ичинде негизги көрсөткүчтөрдүн туруктуу жакшырышы белгиленди.
Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү, мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу, окуу программаларын жаңыртуу жана сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жаатындагы натыйжалар көрсөтүлдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жетишилген натыйжалар билим берүү тармагында ишке ашырылып жаткан ырааттуу жана системалуу реформалардын натыйжасы экенин белгиледи.
Ошондой эле ал ар тараптуу өнүгүүгө, практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган сапаттык жактан жаңы окутуу моделине өтүү зарылдыгын белгиледи.
Эдил Байсалов мындан аркы иште өзгөчө көңүл педагогдордун статусун жана кесиптик ролун жогорулатууга, билим берүү процессин санариптештирүүгө, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын модернизациялоого, ошондой эле билим берүүнүн тарбиялык жана социалдык компоненттерин бекемдөөгө буруларын баса белгиледи.
«Биздин максат – глобалдык эмгек рыногунун талаптарына жооп бере алган жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздай алган заманбап, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоо», – деп белгиледи Эдил Байсалов.