07

Февраль

2026

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевге электр приборлорун чыгаруучу технологиялык индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоор көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кытайлык “Миньшан” компаниясынын делегациясын кабыл алды.

Компаниянын өкүлдөрү электр приборлорун, анын ичинде турмуш-тиричилик техникасын чыгаруу боюнча аз көмүртектүү технологиялык индустриалдык паркты куруу боюнча инвестициялык долбоорду көрсөтүштү.

Белгиленгендей, компаниянын индустриалдык парктарды куруу боюнча тажрыйбасы бар жана Кыргызстанда тиешелүү парк түзүүнү максат кылууда.

Кыргыз тарап инвестициялык долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана компанияга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.