04
Февраль
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭде “Epos” деген марка менен Кыргызстандын жарандары ачкан бөтөлкөдө суу чыгарган заводго барды
БАЭ, Дубай, 2026-жылдын 4-февралы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Epos Water Production LLC” заводуна барды. Белгилей кетсек, завод Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан ачылган.
МинКаб Төрагасы Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи.
“БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири жана ага кыргызстандык компаниянын кириши биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү”, - деди ал.
Иш сапардын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш жайларын жана технология линияларын көрүп чыкты.
Компания бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну жана суусундуктарды чыгарат. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Завод суу куюуда заманбап линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган. Өндүрүш БАЭнин санитардык жана тамак-аш коопсуздугунун талаптарына жооп берет.
Ошондой эле сууну тазалоо жана ичүүчү суу өндүрүү тармагында алдыңкы технологияларды колдонуу маселелери, мүмкүн болуучу кызматташтыктын жана тажрыйба алмашуунун келечеги талкууланды.
Белгилей кетсек, бул компания Кыргызстанда “Crystal” деген бренд менен бөтөлкөдө суу чыгарат (“НАК” ЖЧК).