04
Февраль
Дубайда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭнин Энергетика министри Сухейл Аль-Мазруи жана “Masdar” энергетикалык компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
БАЭ, Дубай, 2026-жылдын 4-февралы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Энергетика министри Сухейл Аль-Мазруи жана “Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамил Аль-Рамахи менен Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында жолукту.
Тараптар Кыргыз Республикасындагы энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулап, кыргыз-эмират кызматташтыгын бекемдөө боюнча чараларды көрүүнү макулдашышты.
МинКаб Төрагасы “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү Кыргызстандын мамлекеттик энергетикалык саясатынын негизги приоритети экенин белгилеп, Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
“Masdar” компаниясынын аткаруучу директору Мохаммед Жамиль Аль-Рамахи, “Masdar” компаниясы Кыргызстанды аймактагы келечектүү өнөктөш катары карайт жана мындан ары кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Masdar” компаниясынын ортосунда алкактык макулдашууга кол коюу аземи болду.