04

Февраль

2026

Тилек Асанов Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду

Асанов Тилек Турусбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын директору кызмат ордунан бошотулду. 

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.