03
Февраль
Дубайда Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү “Ак илбирстин” моделинде деп аталган кошумча иш-чара өттү
БАЭ, Дубай, 2026-жылдын 3-февралы – Дубай шаарында Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында биринчи жолу “Кыргызстандын экономикалык өсүү модели “Ак Илбирс”: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасында эмираттык “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруудагы тажрыйбасы тууралуу кыскача видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Башчысы Адылбек Касымалиев, БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль-Мазруи, эмираттык жана чет өлкөлүк уюмдардын жана бизнес компаниялардын жетекчилери жана башка өкүлдөр катышты.
Кошумча иш-чаранын ачылыш аземинде сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилигине жана боордош элине салттуу жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Сиздерге Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти Улуу Даражалуу шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга, ошондой эле Вице-президент, Премьер-министр жана Дубайдын Башкаруучусу – шейх Мухаммад бин Рашид Аль Мактумга жылуу саламдарды жеткирүү мен үчүн чоң сыймык. Өкмөттөрдү, эл аралык уюмдарды, пикир лидерлерин жана дүйнөнүн ар тарабынан келген бизнес коомчулугунун өкүлдөрүн бириктирген глобалдык аянтча – Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттине катышып жатканыбызга өзгөчө кубанычтабыз. Биз Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин алкагында алгач ирет “Кыргызстандын экономикалык өсүү модели” темасында кошумча иш-чара өткөрүп жатабыз. Бүгүн сиздерге өлкөбүздүн жетишкен ийгиликтери, «Ак Илбирс» деп аталган өзгөчө экономикалык өсүү модели тууралуу баяндап берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев өз сөзүн улап жатып, Бул модель үч негизги багытка таянат: өкмөттүк акселераторлор, күчтүү институттар жана инвестициялар экенин билдирди. Анын айтамында, “Эң негизгиси, акселераторлор программасы мамлекеттик башкаруу тармагына жаңычылдык алып келди. Акселераторлор программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 100 күндүк так реформаларды ишке ашыра баштады. Бул программанын алкагында биз 17 реформаны ийгиликтүү жүзөгө ашырдык. Алар курулуш, мектепке чейинки билим берүү, саламаттык сактоо, жер мыйзамдары, эл аралык жүк ташуулар, транспорт, логистика жана башка көптөгөн тармактардагы жол-жоболорду олуттуу жөнөкөйлөттү. Ашыкча бюрократиялык процедуралар жоюлуп, чечимдерди кароо жана кабыл алуу мөөнөттөрү кыйла кыскартылды. Эң маанилүүсү – бул реформалар эл тарабынан оң бааланды”, - деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана дебюрократиялаштырууга багытталган, бүтүндөй мамлекеттик аппараттын функцияларын системалуу кайра кароону камтыган чаралар башталганын белгиледи. Дебюрократиялаштыруу алкагында бүгүнкү күнгө чейин 7 Президенттин жарлыгы, 19 мыйзам жана Министрлер Кабинетинин 22 чечими кабыл алынды. Акселераторлор жана дебюрократиялаштыруу, натыйжалуу экономикалык чаралар менен катар, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жогорку көрсөткүчтөргө жетүүнүн негизги драйверлеринин бири болду.
“Акыркы төрт жылда Кыргызстандын орточо жылдык экономикалык өсүү темпи 9-10 пайызды түздү. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Мамлекеттик бюджет үч эсеге көбөйүп, өлкөнүн ички дүң продукциясы 2,5 эседен ашык өстү. Муну менен биз чектелүү ресурстар шартында да, регионалдык туруксуздук жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө да мамлекет ылдам өнүгүүнүн темпин аныктай алаарын көрсөтө алдык.
Бул үчүн натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, институттарды бекемдөө, таза эрежелерди киргизүү жана чечим кабыл алуунун ылдамдыгын камсыз кылуу зарыл. Кыргызстандын жолу бүгүнкү чакырыктарга өзгөчө алсыз өлкөлөр да эл аралык кызматташтыкка, инновациялык башкарууга жана элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган лидерликке таянуу менен татаал маселелерди чече аларын айкын көрсөтүүдө. “Ак илбирс” модели – Кыргызстандын заманбап тажрыйбасы катары калыптанып келе жаткан экономикасы бар көптөгөн өлкөлөр үчүн пайдалуу жана колдонууга ылайыктуу деп ишенем”, - деди ал.
Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы эмират тарапка өкмөттүн акселераторлору программасын ийгиликтүү ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭнин Министрлер Кабинетинин иштер боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль Гергавиге Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы жана Кыргыз Республикасында “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн “Достук” орденин тапшырды.
Андан соң кошумча иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясынын мүчөлөрү жана БАЭ Премьер-министринин кеңсесинин өкүлдөрү катышкан панелдик талкуу болду. Анда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасын жакынкы келечекте өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын айтып берсе, ал эми Министрлер Кабинетинин Төргасынын орун басары, юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик түзүлүштү дебюрократизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.
Талкууда Кыргызстандын ак ниет башкаруу, эффективдүү башкаруу, коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөш принциптерине негизделген мамлекеттик башкарууну трансформациялоо модели дүйнөлүк практикада эң ийгиликтүү жана динамикалуу моделдердин бири катары таанылып жатканы белгиленди.
Кыргыз делегациясынын мүчөлөрү кезексиз сессиянын алкагында бул реформалардын практикалык натыйжалары менен бөлүшүп, “Ак илбирс экономикасы” деп аталган – күчтүү институттарга, институционалдык бүтүндүккө жана жыйынтыктарга басым жасоого негизделген өнүгүүнүн жаңы моделин сунушташты. Көрсөтүлгөн тажрыйба дүйнө жүзүндөгү өкмөттүк делегациялардын, эл аралык эксперттердин, академиктердин жана мамлекеттик башкаруунун адистеринин олуттуу кызыгуусун жаратты. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар жөнгө салууну, бюрократизациялоону, акселераторлорду киргизүүнүн конкреттүү механизмдери боюнча жигердүү суроолорду берип, алардын экономикалык өсүштүн жогорку темптери жана мамлекетке болгон ишенимдин жогорулашы менен түз байланышын белгилешти.
Жүргүзүлгөн реформалар Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун бир топ жогорулатып, өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу, технологияларды трансферттөө, алдыңкы эл аралык корпорациялар тарабынан инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөрү өзгөчө баса белгиленди. Сессиянын жыйынтыгында заманбап шарттарда мамлекеттик башкарууну ийгиликтүү реформалоонун эң көрүнүктүү мисалдарынын бири катары кыргыз тажрыйбасын андан ары изилдөө жана колдонууга жогорку деңгээлде кызыгуу билдирилди.