03

Февраль

2026

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О'Салливан менен онлайн жолугушуу өткөрдү

img

2026-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрдү.

Тараптар санкциялар, ошондой эле финансылык-экономикалык кызматташуу маселелери боюнча конструктивдүү жана мазмундуу диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Кызматташтыктын туруктуулугун жана алдын алууну камсыз кылуу максатында санкциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

2026-жылдын 26-февралында Европа Биримдигинин Санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливандын Кыргыз Республикасына иш сапары пландаштырылууда, анын жүрүшүндө жогоруда айтылган маселелер боюнча талкуу улантылат.