03

Февраль

2026

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сей Аль-Сувейди менен жолукту

БАЭ, Дубай, 2026-жылдын 3-февралы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

МинКаб Төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен ар тараптуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну, анын ичинде Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө маани берет. 

Жолугушуунун жүрүшүндө инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле экспорт жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар биргелешип түзүлгөн “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААК алкагында инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачат деп ишенем” - деген Адылбек Касымалиев, эмират тарапты үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өтө турган “Борбор Азия –  Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык Кеңеши” Инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Өз кезегинде Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди Кыргыз Республикасындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурарын айтып, потенциалдуу долбоорлорду Абу-Даби өнүктүрүү фондуна жөнөтүүнү сунуштады.