03
Февраль
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев БАЭнин Вице-премьер-министри, Ички иштер министри Сайф бин Заед Аль Нахайян менен жолукту
БАЭ, Дубай, 2026-жылдын 3-февралы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-премьер-министри, Ички иштер министри Сайф бин Заед Аль Нахайян менен жолукту.
МинКаб Төрагасы белгилегендей, өткөн жылдын апрель айында эки өлкө ортосунда айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу боюнча Меморандумга кол коюлуп, эки өлкөнүн жарандары үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнө чоң салым кошкон.
Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттары коопсуздук тармагында, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, финансылык кылмыштуулукка, санариптик кылмыштуулукка каршы күрөшүү өңдүү тармактарда ийгиликтүү кызматташып жаткандыгы айтылды.
Бул контекстте кыргыз тарап Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарын санариптештирүү, интеллектуалдык мониторинг системаларын ишке ашыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мыкты тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн БАЭде визасыз режимди киргизүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Өз кезегинде БАЭнин Вице-премьер-министри, Ички иштер министри Сейф бин Заед Аль Нахайян эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда тыгыз байланыш бар экенин жана БАЭ Кыргызстанды дос өлкө катары карай турганын белгиледи. Бул контекстте шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян өз командасына кыргыз жарандары үчүн БАЭге визасыз режимди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана БАЭнин коопсуздук боюнча адистерин Кыргызстанга тажрыйба алмашуу үчүн жиберүүнү тапшырарын ишендирди.