03

Февраль

2026

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө токтом кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) маселелери жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтом менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставы, Кыргыз Республикасында илим жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө жобо тиркемелерге ылайык бекитилди. 

Токтом менен УИАнын укуктук макамы жөнгө салынып, илимий экспертизанын ролу күчөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Президенти үчүн илим боюнча ар жылдык улуттук отчётту жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн отчёттук мезгил ичиндеги илимий жетишкендиктер көрсөтүлгөн жылдык отчётту даярдоо милдети киргизилди. 

Мындан тышкары УИАнын мүчөлөрүн шайлоо тартиби жөнгө салынып, квалификациялык талаптар, жаш-курактык чектөөлөр, академиялык жоопкерчилик белгиленип, УИАнын кызматкерлеринин этика кодексине тиешелүү, илимий же административдик ишмердикти жүзөгө ашыруу процессинде кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө маселелери камтылды.