02
Февраль
Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча “B5+1” экинчи бизнес форуму Бишкекте өтөт
2026-жылдын 4-5-февралында Кыргызстандын борборунда “Бизнес (B)5+1” экинчи бизнес форуму өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен биргеликте уюштурулган бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес лидерлери менен өкмөттөрүнүн ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болуп калууга багытталган. Анын негизги максаты – аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жана мамлекеттик жана жеке сектордун ортосундагы диалогду өнүктүрүү.
Форумдун приоритеттүү багыттары айыл чарба, банк жана финансы иштери, маанилүү минералдык ресурстар, электрондук коммерция жана маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика жана туризм болмокчу.
Белгилей кетсек, “B5+1” биринчи форуму – 2024-жылдын 14-15-мартында Алматы шаарында өткөрүлүп, анда он өлкөнүн 250дөн ашуун кызыкдар тараптарын жана бизнес өкүлдөрүн чогулткан.
“В5+1” форуму – Борбор Азиянын беш өлкөсү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттарын бириктирген “С5+1” дипломатиялык платформанын бизнес аналогу болуп саналат.