02

Февраль

2026

Министрлер Кабинети өлкө аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптардын жобосун бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн токтому менен Кыргызстандын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Жобонун максаты ломбарддардын ишин уюштурууга карата талаптарды аныктайт жана белгилейт жана бул документ өлкөнүн аймагында ломбарддардын ишин жүзөгө ашырууга лицензиялары бар бардык юридикалык жактардын ишине жайылтылат. 

Ломбард ишинин субъекттери алты айлык мөөнөттө өз иштерин Кыргыз Республикасынын аймагында ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келтириши керек.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Маалымат менен толук таанышуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу кирүүгө болот. 

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4766