02
Февраль
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен ирригация маселелери боюнча сүйлөштү
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2026-жылдын 2-февралы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кыргызстандын ирригация тармагындагы келечек инвестициялары” аттуу теманын айланасында эл аралык финансы институттарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле дипломитиялык корпустун өкүлдөрү менен сүйлөштү.
Жолугушууга чогулгандар өлкөнүн суу жана ирригация тармагын өнүктүрүүдөгү дүйнөлүк чакырыктардын масштабын, тармактын инвестициялык муктаждыктарын, кызматташуунун потенциалдуу багыттарын аныктоо жана көйгөйлөрдү конкреттүү чечүүнүн ыкмаларын иштеп чыгууну талкуулашты.
Ошондой эле, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен болгон кызматташуунун натыйжасында – суу ресурстарын башкаруунун заманбап ыкмаларын ишке ашырууга, сууну эсепке алууну санариптештирүүгө, суу инфраструктурасынын климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугун жогорулатууга, сугат жерлерди суу менен камсыз кылууну жакшыртууга салым кошулганы айтылды.
Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана башка эл аралык өнөктөштөр ортосундагы суу чарба иштери боюнча буга чейин түзүлгөн долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү сүйлөшүлдү.
Жалпысынан суу чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу – суу жана ирригация маселелерин гана жакшыртпастан, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизери белгиленди.