31

Январь

2026

Адылбек Касымалиев: Прокуратура – Президенттин чоң жардамчысы болууга тийиш

“2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык Камбар-Ата–1 ГЭСи, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлор ишке ашат. Бүт аймактар өзгөрөт. Дал ушундай масштабдуу өзгөрүүлөрдө кымындай да коррупцияга алдырбоо, калыстыктан тайбоо, ишти иликтөөдө салкын кандуулук жана акыйкаттуулук менен иш алып баруу – мамлекеттин аброюн көтөрүп, элдин бийликке болгон ишенимин бекемдейт. Бул багытта Прокуратура Президенттин  чоң жардамчысы болууга тийиш” – деди  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө. 


Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2020-жылдагы өлкөнүн акыбалы менен азыркы өзгөрүүлөрдүн асман менен жердей айырмасы бар экенин айтып,  алдыдагы беш жылда дагы ири иштер жасалаарын анда прокуратура органдрынын ак ниет иштөөсүнүн маанисин таасын белгиледи. 


“Президентибиз кыялыбыздагы жаңы Кыргызстанды курабыз деп жатат. Мындай учурда биз баарыбыз өзгөрүшүбүз керек! Айрыкча  мамлекеттен айлык алган мугалимден тартып Прокурорлорго чейин – баары өзгөрүшү керек”-деди ал. 


МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев мамлекет прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматкерлер үчүн жакшы шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп,  Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имаратын салууга республикалык бюджеттен 85,5 млн сом каражат бөлүнгөнүн, жаңы имаратта түзүлгөн шарттар санариптик чечимдерди кеңири колдонууга, иш кагаздарын жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандар менен иштеген ишти жеңилдетүүгө мүмкүндүк берээрин кошумчалады. 


Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы жалпы эле Нарында жасалып жаткан өзгөрүүлөргө өзүнчө токтолуп, облус боюнча  Президенттин көзөмөлүндө турган 9,4 млрд сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди. 


Белгилей кетсек Нарын облустук прокуратурасынын жаңы имараты менен кошо, МинКаб башчысы Нарын райондук прокуратурасынын жаңы салынган имаратын дагы ачты.