30

Январь

2026

Анара Орозказиева Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимдин орун басары кызматынан бошотулду

Орозказиева Анара Жеенбековна Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимдин орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду. 

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.