29
Январь
Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы бекитилди
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы тиркемеге ылайык бекитилди.
Иш чаралар планында өнүгүүнүн төрт негизги вектору белгиленген – индустриялаштыруу, аймактык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика.
Индустриялаштыруу боюнча 2030-жылга чейин өлкөдө өнөр жай продукциясынын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү жана аймактарда кеминде беш технологиялык парк зонасын түзүү максаты коюлган.
Ал эми аймактык хабды түзүү Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүнүн ири региондук жана глобалдык борборлорунун ортосундагы соода жолдорунун негизги кесилишиндеги геостратегиялык абалы, республикага эл аралык транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндөгү өз ордун ээлөөгө мүмкүндүк берет.
Айыл чарба тармагында айыл чарба продукциясын өндүрүүнү 30 пайызга жана кайра иштетүүнүн көлөмүн эки эсеге көбөйтүү милдети коюлган. Жерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ирригациялык коромжуларды азайтуу максатында ирригациялык инфраструктураны реконструкциялоо жана модернизациялоо, анын ичинде 5 миң чакырым каналды жаңыртуу пландаштырылууда.
Ошондой эле “Жашыл” энергетика Министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын долбоорунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат.
Бул иш чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын Планды сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленди.