27

Январь

2026

Баатырбек Коргонбаев Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимдин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Коргонбаев Баатырбек Каримович Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимдин биринчи орун басары кызмат ордунан бошотулду. 

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.