23

Январь

2026

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев: Туруктуулук жана коомдук тартип экономикалык өсүштүн негизи

Бишкек, Ички иштер министрлиги, 2026-жылдын 23-январы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегиясына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүүнүн көрсөткүчтөрү, милициянын иш-аракеттерине санариптик технологиялардын киргизилиши, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. 

Өз кезегинде коллегиянын катышуучуларына кайрылган Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин өздүк курамына жыл бою болгон көптөгөн жогорку деңгээлдеги эл аралык сапарларда коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өзгөчө белгилегендей, Ички иштер министрлигинин мамлекеттик түзүлүштөгү ролу өтө маанилүү, анткени ведомство калк менен түздөн-түз иштеп, мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууда. 

МинКаб Төрагасынын айтымында, “өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук мамлекетке кубаттуу экономикалык секирик жасоого мүмкүндүк берген негиз болуп калды, анткени коомдук коопсуздук болбосо улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес болчу”. 

Адылбек Касымалиев ошондой эле 2025-жыл тарыхый учур болгонун белгиледи: өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашты, бул 2020-жылдын деңгээлинен дээрлик беш эсеге көп. Бул жылыш факторлордун айкалышынын натыйжасында мүмкүн болду, анын негизгиси - динамикалык экономикалык өсүш. 

Адылбек Касымалиев сөзүн жыйынтыктап жатып, Ички иштер министрлигинин өз ишинде ийгилик көрсөткөн кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Ардак грамоталарын жана ыраазычылыктарын тапшырды. Ал ички иштер органдарынын өздүк курамын мындан ары да жогорку деңгээлдеги кызматтык жигердүүлүктү сактоого жана кыраакылыкты жогорулатууга чакырып, коомдук тартипти сактоо – Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн жана ар бир жарандын бакубаттуулугунун өзөгү экендигин баса белгиледи.