11

Январь

2026

Некролог - Раиса Кыдырбаева

Кыргыз илими орду толгус оор жоготууга учурады. 

2026-жылдын 10-январында узакка созулган оорудан кийин 96 жаш курагында кыргыз илиминин көрүнүктүү өкүлү, манастаануу жана фольклористика илимдеринин өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Раиса Заитовна Кыдырбаева дүйнө салды.

Раиса Заитовна Кыдырбаева 1930-жылдын 30-ноябрында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1953–1956-жылдары А.М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда аспирантурада окуп, 1956-жылы филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. 1983-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 1997-жылы профессор наамы ыйгарылган. 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

1986-жылдан 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун "Манас" бөлүмүндө бөлүм башчы, жетектөөчү илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер орундарында эмгектенип келген.

Фольклор таануучу "Манас" эпосунун салттуулук жана жекелик маселелери" аттуу монографиясында "Манастын" поэтикасын чыгарманын жеке сюжеттик курамынан эмес, кеңири мейкиндик алкагынан терең мезгилдик ѳлчѳмдѳн караган.

Р.З.Кыдырбаева "Саринжи Бөкөй" эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү", "Жаңыл Мырза" эпосунун поэтикалык традициялары", "Манасчынын айтуучулук чеберчилиги", "Манас" эпосунун варианттары", "Мезгилдер, муундар жана манасчы"  ж.б. 16 илимий монография, 200дөн ашуун илимий макала, изилдөөлөрдү жарыкка чыгарган.

М. Убукеевдин 1988-жылы чыккан "Улуу манасчы" даректүү тасмасынын илимий кеңешчиси болгон.

Маркум кыргыз фольклористикасы, манастаануу жана адабият таануу илимдеринин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу. Анын жетекчилиги алдында 22 илимдин кандидаты жана 4 илимдин доктору даярдалган. Раиса Заитовна негиздеген илимий мектеп Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да кеңири таанылган.

1998-жылы "Манас" энциклопедиясын даярдоого активдүү катышкандыгы үчүн Раиса Заитовна Кыдырбаева алдыңкы окумуштуулар менен бирге Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Ал мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү программаларды иштеп чыгууга активдүү катышып, кыргыз акындарынын өнөрүн ЮНЕСКОнун адамзаттын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча номинациялык файлды даярдоого салым кошкон. Ошондой эле "Манас. Семетей. Сейтек" эпикалык трилогиясы тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына, илимий жана маданий саясаттын калыптанышына жигердүү катышкан.

Р.З.Кыдырбаева өлкөбүздүн фольклористика илимий коомчулугунун жашоосуна активдүү катышып келген. Көп жылдар бою "Фольклористика" жана "Адабият таануу" адистиктери боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү болуп иштеген. Анын илимий мурасы, жогорку адамдык сапаттары жана улуттук илимге сиңирген эмгеги кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаңыздарды тең бөлүшөбүз.

А.А.Касымалиев, А.К.Койчиев, Э.Ж.Байсалов, М.М.Иманкулов, Ч.Абыкеев, Т.А.Ашымбаева, Д.Ш.Кендирбаева, Г.Т.Исаматова, К.Е.Абдрахматов, Ч.И.Арабаев, Б.М.Худайбергенова, А.А.Акматалиев, Т.Койчуев, Т.Садыков, А.Эркебаев, М.С.Джуматаев, О.Ибраимов, А.Асанканов, С.Ж.Мусаев, Ы.Мукасов, Б.И.Борубашов, К.К.Иманалиев, Т.А.Абдрахманов, Ж.К.Бакашова, Ж.С.Джаилов, С.Т.Маразыков, Н.Ишекеев, Э.Мамбетакунов, Ө.Осмонов, Б.Усубалиев, Н.К.Саралаев, Ш.Жоробекова, Н.Жеенбаев, К.М.Адиев жана башкалар.