02

Январь

2026

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырып, лыжа мектебинин ачылышына катышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булак айылында тоо лыжа спортун өнүктүрүү жана аймактагы жаш спортчуларды колдоого багытталган балдардын лыжа мектебинин салтанаттуу ачылышы болду. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

“Жаңы лыжа мектеби балдарды жана өспүрүмдөрдү системалуу түрдө окутуу, сергек жашоо образын пропагандалоо, кышкы спорттун түрлөрү боюнча кадрдык потенциалды өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп калат. Лыжа мектептери спортчуларды гана эмес, бүткүл өлкө боюнча жаңы лыжа курортторунда суроо-талапка ээ боло турган профессионалдуу инструкторлорду даярдоонун пайдубалы болуп калышы керек. Бул адам капиталына, жаштарды жумуш менен камсыз кылууга жана туруктуу региондук өнүгүүгө инвестицияны билдирет. Бул өлкөнүн лыжа инфраструктурасынын жигердүү өнүгүшүн эске алуу менен өзгөчө актуалдуу болуп жатат”, - деп белгиледи Эдил Байсалов өз сөзүндө.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептеринин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана тиешелүү адистер менен кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө арналган жолугушуу болду. Катышуучулар мекеменин материалдык-техникалык базасынын абалы, кадрлар менен камсыз кылуу, машыктыруучу кадрларды даярдоо, балдарды жана жаштарды спортко тартуу чараларын талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтыгында мындан аркы иштердин артыкчылыктуу багыттары аныкталды, анын ичинде инфраструктураны модернизациялоо, машыктыруучуларды колдоо, аймактарда балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептеринин тармагын өнүктүрүү.

Эдил Байсалов иш сапарынын алкагында К. Досманбетова атындагы музыкалык мектепте, китепканада, маданият үйүндө жана башка бир катар объектилерде болду.